Menu

Канышай Мамыркулова, журналист: “Жогорку Кеӊештин депутаттары жетеленме, эл менен иши жок экенин далилдешти”

Бөлүшүү:

– Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдогон депутаттар мамлекетчил инсандарбы же керт башынын кызыкчылыгын жогору койгондорбу?

– Кыргыз бийлиги мөӊгү маселеси менен өзүнүн толук жүзүн көрсөттү. Жогорку Кеӊештин депутаттары жетеленме, эл менен иши жок экенин далилдешти. Баарынан өкүнүчтүүсү, жергиликтүү элдин пикирин эч ким сураган жок. Жада калса, ЖКнын басма сөз катчысы дагы “Суу кодексин колдогондор – мамлекетчил депутаттар” деп сайрап отурат. Мунун өзү өтө өкүнүчтүү. Президент баш болуп “бул маселе – Лысый менен Давыдов мөӊгүлөрүнө гана тиешелүү”- деп элди соороткону менен артында чоӊ чуу жатат.

Жогорку Кеӊештин басма сөз катчысы: “Фейсбукта канчалаган колдонуучулар “колуңду тарт” деп, чыркырагандай түр көрсөтүштү. Иш жүзүнө келгенде Ак үйдүн алдына жыйырмадай эле активист чогулуп, үнү угулган жок. Компьютердин мониторуна жашынып алып “патриот” болуунун ордуна эки эле саат келип туруп бергенде, балким, парламент алардын сүрү менен Кумтөр тоосундагы экологияны бузгандарды жоопко тарткыла, андан кийин гана мыйзамды кабыл алып беребиз деп, өкмөттү артка кайтармак”,- дейт. Бул эмне дегендик? Демек, кыргыз парламенти талылуу маселени эл чырылдаса оӊ чечет, чырылдабаса өкмөттүн жана бир ууч топтун кызыкчылыгына карап чече берет дегендикпи? Мөӊгү маселеси аркылуу кыргыз бийлиги экономикалык маселени чечүүнүн альтернативдүү жолдорун издөөгө жөндөмсүз экенин далилдеди. Бул-аргасыздык, президент баш болуп “айла жок” деп алакан жайып отурат. Бүгүн мөӊгүнү жеп алсак, эртеӊ ачка калганда абаны сатканга өтөбүзбү? Кыргыз бийлигинин мөӊгүнү жок кылуу аркылуу астындагы кенди алууну мыйзамдаштыруу аракети ачык эле көрүнүп турат жана өтө өкүнүчтүү.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: