“Базарга бет кап кийип алып жашынып бардым дейсиз. Ошонуңуз туурабы” – деп суроо узатты депутат Бейшеналы Нурдинов айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге бүгүн, 3-декабрда ЖКнын жыйынында.
“Баасын билиш керек да” – деп жооп берди министр.
“Андай туура эмес. “Мен баратам” деп айтып коюп, чыкыйып костюм-шым кийип алып эл менен жолугуп кел. Ат-Башыга барып келчи, эмне деген сөз угат экенсиң. Бул жерге барып сүйлөшпөй” – деди депутат.
“Андан кийин бет капты чечип эл менен сүйлөштүм” – деди Тилек Токтогазиев.
“Чечпей эле бар түз эле” – деди эл өкүлү.
Министр Токтогазиев күлүп гана кутулду.
Депутат Бейшеналы Нурдинов эгер депутаттардын ыйгарым укугуна кирсе, ушул тыюу салган мыйзамды добуш берүү менен жокко чыгарып салууну сунуштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ