Menu

Тажикстан банк тармагын реформалоо үчүн чет элдик консультанттарды чакырат

Бөлүшүү:

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөнүн банк тармагын реформалоо жана чет элдик кеңешчилерди тартуу үчүн эл аралык каржы институттарынан жардам сурады.

Бул тууралуу өткөн аптада Улуттук банктын төрагасы Жамолиддин Нуралиевдин Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы өңдүү эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу маалында айтылды.

Өлкөнүн Улуттук банкынан билдиришкендей, акыркы эки жылда ата мекендик банктар каатчылыкка кабылган. Буга байланышуу мекеме бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкөгө чет элдик консультанттарды тартууга ниеттенип жатат.

Тажикстанда банк каатчылыгы өткөн жылы, дароо төрт насыя мекемеси аманатчылар менен өнөктөштөрүнүн алдындагы карыздарын төлөп бере албай калганда башталган. Анда Улуттук банктан каатчылыкка туура эмес менеджмент менен төлөнө элек насыялардан улам жаралган накталай акчанын тартыштыгы себеп болгонун билдиришкен.

Жыйынтыгында эки банк кудуретсиз деп табылып, экөөсү мамлекеттин колдоосу менен (бирөөсүнө 2 млрд 250 млн сомони, экинчисине 1 млрд 70 млн сомони берилген) ишмердүүлүктөрүн улантып кете алышкан. Бирок учурда алардын деле абалы анчалык оңолуп кеткен жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: