Menu

Дин кызматкерлери Алай районунун Чап-Жылга айылына таза суу чыгырып беришти

Бөлүшүү:

Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакиров жана Өзгөн районунун “Абдираим кары” медресесинин мүдүрү Абдырахаман кары Атабаевдин демилгеси менен Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн  Чап-Жылга айылына таза суу чыгарылып берилди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Акжол кары Бакировдун айтымында буга чейин аталган айылда таза көйгөйү болуп, жергиликтүү жашоочулар кыйналып келишкен.

“Буга чейин аталган айылдын тургундары таза көйгөйүнүн тартыштыгы боюнча бизге кайрылышкан. Биз жеке фонддорго долбоор жазуу аркылуу 200 жашоочудан турган 40 үй-бүлөгө таза суу чыгарып берүү үчүн 2000 метр суу түтүкчөсүн жана суу крандарын сатып алып бердик. Казуу жана түтүктөрдү орнотуу ишине жергиликтүү эл жардам берип, жалпысы 2 чакырым аралыктагы таза булактын суусунан  түтүкчөлөр тартылып, 10 күндүк убакытта бүткөрүлүп берилди. Мындан сырткары суу агуучу кран 30 үйдүн короосуна жана айылдын 4 борбордук көчөлөрүнө орнотулуп берилди” – деди Акжол кары Бакиров.

Мындай жакшы саамалыкка кубанган айыл эли жакшы ишке себепчи болгон жогорудагы дин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: