Menu

Ноокен районунун Масы айылында 340 орундуу балдар бакчасы ишке берилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-ноябрда Ноокен районунун борбору болгон Масы айыл аймагында 340 орундуу балдар бакчасынын кызыл тасмасы кесилип, салтанаттуу маанайда пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Алгач Масы айыл аймагынын маданият үйүндө жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун алкагында 340 орунга эсептелген №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасын презентациялоо иш чарасы болуп өттү. Масы айылынын жашоочуларын жаңы балдар бакчасынын ачылыш аземи менен Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев, Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Вероника Хульманн айым жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Осмонова куттукташты.

Эки кабаттуу 340 орунга эсептелген №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасын кайрадан толук капиталдык ремонттон чыгарып, ишке киргизүүгө 6 482 718 сом акча жумшалган болсо анын 4 350 000 сому гранттык болуп эсептелет. Масы айыл аймагынын өздүк салымы 2 млн. 137 миң сом болду. Балдар бакчасынын башчысы Сажида Абдукайымова белгилеп кеткендей, азыр 12 тайпада 340 наристелер тарбиячылардын камкордугуна бөлөнгөн. Ушул кезде жалпысынан балдар бакчасында 43 адам туруктуу жумуш орундары менен камсыз болушкан. Балдар бакчасын кайрадан ремонттоп ишке киргизүүгө Швейцария өлкөсүнөн сырткары Өнүктүрүү саясат институту, “Хелветас” эл аралык уюму өздөрүнүн омоктуу салымдарын кошушту.

— Быйылкы жылы Ноокен району боюнча 6 жаңы балдар бакчасы ишке берилип, 600дөн ашуун наристелер мектеп жашына чейинки тарбиянын кучагына алынды. Жыл аягына чейин дагы айыл аймактарында 2 жаңы балдар бакчасын ачуу максатын алдыбызга койгонбуз. Ноокен району боюнча мектеп жашына чейинки балдардын балдар бакчаларына тартылуусу 37 пайызды түзүп олтурат,- деди Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев.

Масы айылындагы №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын кызыл тасмасы кесилген соң кадырлуу коноктор жана жергиликтүү жашоочулар тарбиялануучуларга көрүлгөн камкордуктар жана аларга жаратылган шарттар менен кеңири таанышып чыгышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: