Menu

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги тарабынан «Манас» эпосунун немец тилиндеги китебинин бет ачаары уюштурулду

Бөлүшүү:

2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги тарабынан белгилүү немец жана россиялык илимпоз, лингвист жана тюрколог Вильгельм Радловдун версиясы боюнча жазылган «Манас» эпосунун немец тилиндеги китебинин бет ачаары уюштурулду. Бул туурасында ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Вильгельм Радловдун «Манас» эпосу боюнча версиясы Санкт-Петербург шаарында 1885-жылы Санкт-Петербургдагы, Ригадагы жана Лейпцигдеги Королдук илимдер академиясынын комиссионерлеринин колдоосу менен басылып чыккан.

Арадан көп жылдар өткөндөн кийин «Манас» эпосунун Вильгельм Радловдун версиясындагы немец тилиндеги бөлүгү Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин демилгеси боюнча Германиядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдарынын колдоосу менен Берлин шаарында кайрадан басып чыгарылды. Бул китептин чыгышына Кыргызстандын Бремендеги Ардактуу Консулу доктор Эберхард Хаастын салымы зор.

Мааракенин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эринес Оторбаев сөз сүйлөдү жана биздин мамлекет үчүн кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана каада-салттарын чагылдырган «Манас» эпосунун өзгөчө маанисин белгиледи. Кеченин жүрүшүндө Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Андреас Пешке чыгып сүйлөдү. Мааракеге Германиянын Канцлердин ведомствосунун, Тышкы иштер министрлигинин, башка министрликтеринин, Бундестагдын, дипломаттык миссиялардын, ошондой эде кыргыз диаспорасынын жана башка кеңири коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Кечеге келген конокторго кыргызстандык белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиевдин айтуусунда «Манас» эпосунан видео-үзүндү көрсөтүлдү.

Бул маараке Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. «Манас» эпосу өзүнүн уникалдуулугу жана терең мазмууну менен келген конокторго өто терең таасир калтырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: