Menu

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы мүчөлүгүн токтотту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий киришкен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Президентинин кызматын аткаруу мезгилинде Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы мүчөлүгүн токтотуу боюнча арыз жазды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Укуктар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 63-беренесинин, 3-пункту жана Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын 1994-жылы 24-сентябрындагы II съездинде бекитилген Кыргызстан  Социал-демократиялык партиясынын Уставынын 2.5 пунктуна ылайык токтотулду.

Буга байланыштуу белгиленгендей, арызды берген күндөн тартып, Кыргызстандын  Социал-демократиялык партиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме менен бардык иш-аракеттер жана билдирүүлөр анык эмес деп эсептелинет.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2017-жылдын 30-октябрында жарыяланган, анын натыйжасында Сооронбай Жээнбеков шайлоодо жеңген. Ага 920 миң 620 шайлоочу добуш берген. Бул добуш бергендин жалпы санынын 54,22% түзөт.

Сооронбай Жээнбеков Президенттин кызматына бүгүн, 2017-жылдын 24-ноябрында расмий киришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: