Menu

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын тең-төрагасы: «Декабрдан баштап парламенттик шайлоого даярдана баштайбыз»

Бөлүшүү:

— Жеңиш мырза, жаңыдан ишине киришип жаткан президент Сооронбай Жээнбековду шайлоо учурунда жандап, өлкөнү түрө кыдырып жүрдүңүз. Жандап жүргөн лидер жеңишке жетип, эл алдында ант берип кызматка киришип жатканына жетине албай турсаңыз керек?

— Бул жолку саясий өнөктүк шайлоого активдүү аралашкан учурларымдын бири болду. Биздин партия президенттик шайлоонун алдында өзүнүн республикалык конференциясында Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп чыккан. Эң негизгиси шайлоо тынч өттү. Биз элди кыдырып жүргөндө дагы элдин “Шайлоо тынч өтсө экен” деген жакшы бир тилеги бар болчу. Жалпысынан тарыхый бурулуш болду. Себеби, Борбордук Азиядагы мамлекеттер гана эмес, жалпы КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстанда биринчи ирет үлгүлүү шайлоонун бири өттү. Конституциянын негизинде президент өзүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин шайлоо өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгы менен жаңы президент кызматка келгени жатат. А мен так кесе айта алам, бул шайлоо чоң үлгү катары мамлекеттин ичинде саясий күчтөргө анан жалпы дүйнөгө таанымал болду. Мына анын бири парламенттеги оппозициялык фракциялардын лидерлери буга чейин Алмаз Шаршеновичти сындап келишсе, акырында мактаганга өтүшпөдүбү. Демек, алар да шайлоонун жыйынтыгын таанышты. Кудай буюрса, Кыргыз көчү жолун улайт. Мындан кийин мамлекеттин келечеги жакшы болот.

— Жаңы президент тактыга олтуруп алгандан кийин сиз да бир кызматты берет деп үмүт этип жүрөсүзбү?

— Шайлоодон кийин басма сөз тармагынан, мени таанып билгендер дагы “Сооронбай Шариповичти шайлоодо колдоп жүрдүң эле. Ал президент болгондон кийин жакшы бир кызматты чечип алдың да ээ” деп сурап жатышат. Мен шайлоонун башында эле жеке өзүмдүн позициямды билдиргем. Шайлоого бир кызматты чечип алуу үчүн жеке кызыкчылыкты көздөп барган эмесмин. Биздин позициябыз абдан бекем. Эч кандай кызмат сураган жерибиз жок. Кыргызстандын келечеги деп алдыбызга максат койгонбуз. Бул тууралуу Алмаз Шаршеновичтин өзүнө дагы айттык. Кудай буюрса Сооронбай Шарипович элдик президент болот деп ойлойм.

— Эми кеп кезегин башка нукка бурсак, “Замандаш” партиясынын алдыда кандай максаттары бар?

— Алдыда чоң максаттар бар. Декабрда партиянын кезектеги чоң съезди болот. Андан кийин партиянын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын өткөргөнү жатабыз. Биздин партия үчүн кош майрам болгону жатат. Партиянын негиздөөчүсү, кыргыз элинин белгилүү уулдарынын бири Муктар Өмүракуновду эскерүү кечесин уюштурабыз. Бул съездде “Замандаш” партиясынын структурасы өзгөрөт. Парламенттик шайлоого даярдыктары боюнча маалыматтар ачык жарыяланат. Партиянын келечекке багытталган программасы чыгат. Биздин съездибизге чет өлкөлөрдөн дагы меймандар келет. Декабрдан баштап парламенттик шайлоого даярдана баштайбыз.

— 2015-жылы силердин партия парламентте мандатка ээ болгондон куржалак калды эле. Парламент босогосун аттоону алдын ала чечип алдыңарбы?

— 2012-жылы биздин партиянын жергиликтүү кеңештерде 700дөн ашык депутаты бар болчу. Ал учурда шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери шайланган. 2015-жылы болсо парламенттик шайлоодо жеңилип калды. Мунун өзүнүн чоң себептери бар. А менин келгениме бир жыл болду. Кудай буюрса партияда чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Партияда жаңылануу процесстери жүрдү. Азыр партия күчтүү. Айтор парламентте отурган айрым фракцияларга салыштырмалуу өз табында. Ошон үчүн кийинки парламенттик шайлоодо “Замандаш” көпчүлүк менен келет деп тилек кылып жатабыз. Мен муну ишенимдүү айтып жатам. Себеби партиянын 10 жылдык тарыхы бар, арты таза. Эч кандай чуулгандуу иштерге аралашкан эмес. Буга чейин “Замандаш” партиясы ар кандай саясий кырдаалдарда өзүнүн позициясын билдирип келген. Катарыбыз кенен. Өзгөчө акыркы шайлоолордо өзүбүздү жакшы жагынан көрсөтө алдык. “Замандаштын” парламентке келүүсүнүн бир гана максаты-эл үчүн татыктуу кызмат кылуу. 2018-жылдын башынан тарта аймактарда ишмердүүлүгүбүздү күчөтөбүз. Эрте аракет кылганыбыздын себеби, парламентке жөн эле капчыктуу эмес, сапаттуу депутаттар барышы керек.

— Силер дагы азыркы парламенттеги фракцияларга окшоп тизмеңерге капчыктууларды киргизбейсиңерби?

— Эми партиянын турпаты өзү ушундай. Анткени партияны кармап туруш үчүн көп каражат талап кылынат. Буга чейин биздин партия кыйналып келген. Азыр болсо каражат жетиштүү. Шайлоо өзү чоң каражатты талап кылат эмеспи. Бирок кандай болбосун, биз тизмеге таза инсандарды кошконго аракет кылып жатабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: