«Көмүскө жай» операциясын өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыктарынын кызматкерлери Каракол шаарынын 31-жаштагы С. Виктор аттуу тургундун үйүн текшерүү учурунда уктоочу бөлмөсүнөн пакетке салынган жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылып алынган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Алынган шектүү зат химиялык экспертизага жөнөтүлүп, 2 килограмм салмактагы марихуана баңгизаты болуп чыккан.
Каракол ШИИБнин тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) менен кылмыш иши козголгон.
Баңги зат менен кармалган шектүү адам шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ