«Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп шайланган Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе камалбай, саясаттагы ишмердүүлүгүн улантууга шарт түзүү боюнча иш жүргүзүүдө. Мындан улам, Бабанов душмандашып, касташкандарды ийге келтирүүгө болгон күч-аракетин жумшоодо. Алгач, Камчыбек Ташиевдин тилин табуу максатын көздөп жолугушууга чакырып, «Сиз деле «Республика-Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы болосуз да» – дегенди айтып, Бабановду Жээнбековдор кечириш үчүн эмне кылыш керек, ортого түшүп далдалчы болуп бериңиз, эмне дешее макулбуз, камабаса болгону дегенди айтып, Бабановдун тапшырмасы менен чуркай баштады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ