Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз айылында жайгашкан «Абу Аюб Аль-Ансаарий» мечитинде ажылык сапарына баруучулар үчүн инновациялык сабактар уюштурулуп, тест алынды. Бул туурасында КМДБнын маалымат кызматы билдирет.
Ажы башчы Мелис ажы Турганбаевдин айтымында ажылык сапарга аттанган талапкерлерге өтүлгөн сабактын жыйынтыгы менен алардын канчалык деңгээлде ажылык боюнча түшүнүк алганын текшерүү болуп, тест аркылуу көптөгөн пайдаларды алышкан.
“Ажыга баруучулар ихрам байлоону, чач алдырууну, курбандык чалуу эрежелерин, ибаадатты шарият тартибинде жасоону канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгүн жана буга чейин өтүлгөн сабактардан кандай пайда алгандыгын байкоо максатында тест уюштурдук. Жалпысынан зыяратчылар туура жооп бергенге аракет кылышты. Тест алуу бир саатка созулуп, эң жогоркусу 90 упай, эң төмөнү 60 упай алышты. Тесттин акырында биз кээ бир туура эмес жоопторго токтолуп, кенен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Түшүндүрүү сабагыбызбир саатка созулуп, ар бир тема боюнча кайталоо ишин жүргүздүк. Муну менен биз бир топ билбеген суроолорун чечмелеп, вазыйпабыздан кутулдук жана ажы ибаадатын кылуу алар үчүн бир топ жеңилдеди деген ойдомун”,- деди ажы башчы М.Тургунбаев.
Эске салсак, буга чейин ажы башчылар Асан ажы Сыргабаев жана Мелисбек ажы Тургунбаев ажылык сапарына бара турган жарандар менен бир нече жолу жолугушуп, ажылык боюнча сабак өтүшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ