Тажикстандын коомдук унааларында, анын ичинде троллейбус жана автобустарында 2017-жылдын соңуна чейин пластик карталар менен төлөө системасы киргизилет.
Жаңы системага ылайык, жүргүнчүлөр пластик карталарды сатып алып, ага белгилүү өлчөмдө акча салып турушу керек. Картаны айдоочулардан же аялдамаларда орнотула турган терминалдардан алууга болот.
Ар бир автобус же троллейбуска картадан акчаларда ала турган электрондук жабдуулар орнотулат. Эгер төлөм ийгиликтүү аткарылса, таблодо «Рахмат», эгер картада тиешелүү сумма болбосо «Төлөм болгон жок» деген жазуу чыгат. Эгер картада акча жок болуп калса, кондуктор аркылуу эсептешип, болбосо унаадан түшүп калуу керек.
Шаардык мэриядан кабарлашкандай, карта жеңилдетилген (пенсионерлер, майыптар), кызматтык жана стандарттык деп үч түрдө иштелип чыгат.
Шаар бийлиги жаңы төлөм системасынын киргизилиши менен жол кире наркынын өзгөрөрүн айткан жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ