Menu

Экс-ажонун сыйлыгына реакция: “Алса алыптыр да…”

Бөлүшүү:

– Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз эл баатыры” наамына татыктуубу? Ал наам А.Атамбаевге кайсы кылган кызматы үчүн берилди?

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу:

“Ак шумкар” ак чымчыкка айланганда”

– Коомчулукта бул маселе боюнча кызуу талкуу жүрүп атпайбы. Татыктуу дегендер бар, татыктуу эмес дегендер да толтура. Негизи эле биздин өлкөдө сыйлык берүү боюнча нааразычылыктар көп. “Сыйлыктар сатылат, бийликтин арзыматтарына, жагымпоздорго берилет” деген сөз токтоосуз айтылып, ар бир сыйлык берүүлөрдөн кийин ызы-чуу болуп келе жатабыз. Бул сыйлык деле, эл ичинде, “башка алганы аз бекен, тоюнбаптырбы, сугалактанбай эле койсо болмок?” деген сөздөрдү жаратты.

Бизде кыргызда баатырлар көп болгон. Берки коктунун азаматы аркы коктунун жылкысын чаап келсе, эки айыл кагылыша кеткенде бирөөнү союл менен төбөгө чаап аттан кулатса ал дароо баатыр аталып, урмат-сыйга ээ болгон. А бу жерде деле ошондой болду. Кыргыздын мен деген чыгаан эр азаматтарынын бири Өмүрбек Текебаевди саясый айдыңдан жеңип, айыбы далилденбегенине карабай зынданга салды. Анан ушундай зөөкүрлүк кылган киши кантип башка татыксыздардан өйдө болбосун. Бирок, жаңы президенттин биринчи жарлыгы болгону кызык болду. “Соке, досум, мен сени президент кылдым, мага “Ак шумкарды бересиң” дегендей эле болуп, сурап алгандай болду.

Менин жеке пикиримде  Алмазбек Атамбаев мындай жогорку даражадагы сыйлыкка татыктуу эмес. Ага ошо жетишпей аткан экен, алды. ЖМКлар мындан көп жыл мурун эле “Ак шумкар” ак чымчыкка айланганда” деп жазып келишкен. Сыйлыктын баркын түшүрүп татыксыз адамдарга берилгенинен улам айтылган сөз да. Андыктан, көп татыксыздарга берилген сыйлык, дагы бир ээсин тааптыр, “алса алыптыр да” деп эле коюш керек.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

“Мурунтан эле сүйлөшүлгөн да…”

– “Атамбаев “Кыргыз эл баатыры” деген наамга татыктуубу?”- деген суроонун ордуна мен  “бул наам канчалык деградация болду?”- деп суроо берет элем. Анткени, ал суроонун негизинде биз биринчи суроого жооп табат элек. Атамбаев башкарган мамлекеттин баатыры болмок түгүл, көп жоопкерчиликти баатырга деле жүктөбөсө керек. Эми Сооронбай Жээнбеков бул сыйлыкты Атамбаевге ыйгарган соң, “ал бийликти Атамбаевден сатып алды” деген ой айтылып калганы кейиштүү болуп жатат. Бул наам мурунтан эле сүйлөшүлгөнү инаугурацияда ачыктан ачык билинип калгансыды. “Салам алейкум”, дегенден кийинки эле Жээнбековдун кеби: “Биринчи буйругум менен Атамбаевге баатырдык наамды ыйгарам”,- болду. Бирок, буйрук чыкканда, түкүрүнгөнүн ачык эле айтып чыгышты. “Наамды бергенде, Сооронбай Жээнбеков, Атамбаевдин жетелеме “саясый торпогу” болуп калганы ачык көрүнө баштады”, – дейт Базар-Коргондук Арзыбек аттуу бир ЖОЖдун окутучусу. Ошон үчүн ал наам “кайсы кылган кызматы үчүн берилди?”- деген суроого жооп издейли. Сыягы, ал наам кыргыз элин Кытайга багынтып берүү аракеттери үчүн, 2 жарым миллиард доллар Кытайдан кредит алып, ал кредитти кыргыздын жерин кытайларга алып коюга мүмкүнчүлүк түзүп берген эрдиги үчүн берилсе керек.

Турсунбай Шарапов, коомдук активист:

“Өлкө башчы катары мындан дагы көп иштерди жасаса  болмок”

– Менин жеке пикиримде экс-президент андай наамга татыктуу эмес эле. Анын кайсыл кылган кызматына берилгени чыны менен таң калыштуу… Буга чейин баатыр деген наамды  кандай инсандарга берилгени баарыбызга белгилүү болчу. Ал адамдардын кылган иштерин Атамбаевдын кайсы кыйратып жасаган иши менен салыштырабыз? Атамбаевдин алты жылда кылган ишин мен президент катары аткарган ишинин аз гана бөлүгү катары көрөм. Ал өлкө башчы катары мындан дагы көп иштерди жасаса  болмок.

Жамалбек Ырсалиев, экс-депутат:

“Сооронбай Жээнбековдун Атамбаевге “Эл батыры” деген жарлыкты чыгарганын колдойм”

– Сооронбай Жээнбековдун Атамбаевге “Эл баатыры” деген жарлыкты чыгарганын колдойм. Себеби, 6 жылдын ичинде тынчтыкты сактап, колунан келишинче иштеп берди. Шаарда эмес айыл жерлерине чейин жолдор жасалды. Ош-Бишкек альтернативалык жолу, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолу салынып жатат. Бийликти досуна болсо да тырмышып отуруп албай, тынчтык менен өткөрүп берди… Канча аракет жасап жатса да көралбастык жана ушактын тепкисине чыдаганы үчүн баатырдык наам  туура эле берилди.

Адил Турдукулов, “Прогресс” фондунун жетекчиси:

“Атамбаев баатырбы жокпу, аны мураскери эмес, тарых, эл чечет”

– Атамбаев баатырбы, жокпу, анын мураскери чечпеши керек. Аны тарых, эл чечет. Ошондуктан, ал алган жогорку сыйлыкка татыктуу же татыксызбы (?) деген суроо ачык бойдон калып жатат.

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: