Саясат өзү кызык эле. Трагикомедия бул жакта калат. Саясатта бир туруп боздоп, сыздагандар, бир туруп күлүп жайнап, атайын билимдүү артисттерди артта калтырышат. Былтыркы президенттик шайлоонун шайтан оюндарындагы «Абыке-Көбөш» окуясы саясый сахнаны бир топ көрктөгөн. Анын башкы каарманы Дайыр Кенекеев «гонорарына» вице-премьер министрлик креслону ээлеген. Бирок, анча узакка чуркабады. Учурда Кенекеев жеке иштери менен алек. Кайрадан саясатка кайтуу тилеги менен жогору жактан таасирдүү адамдар менен жолугушуу үчүн болгон күчүн жумшап жүргөн чагы. Балким, ушу тапта кайрадан «Абыке-Көбөш» темасын терең изилдеп, кайдан кулак чыгарууну ойлоп жаткандыр. Баса, Дайыр мырза улуу эпосто Көз-камандар да бар экенин билет болду бекен? Эгер ушул темага да бир ирээт кайрылып көрсө балким саясый сахнага кайра кайтат беле, ким билет?…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ