Menu

Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндө Нельсон Манделадан кем калбаган даанышман!

Бөлүшүү:

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди Кыргыз Республикасынын бешинчи президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Боордош кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө мол үлүш кошууңузга тилектешмин!

Мына, жаңы кызматыңызга киришкен алгачкы күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү тууралуу алгачкы жарлыгыңызга кол койдуңуз. Бул чечимиңиз – сиздин доско адал, убадага бекем, мурункуларга урматтоо менен карай турганыңызды билдирди. Ал эми жаңы президент катары экинчи жарлыгыңызды камакта отурган Өмүрбек Текебаевди бошотуу тууралуу чыгарсаңыз, кадыр-баркыңыз жогоруламак жана бул жарлык сиздин адилеттүү, туурачыл башчы экениңизди абдан далилдемек. Бул кадам – көп улуттуу кыргыз элинин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн да өз жемишин бермек!

Себеби, Өмүрбек Текебаев көз карандысыз Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи болуп 1990-жылы «Кыргызстан өз көз карандысыздыгын жарыялоо керек!» деп Жогорку Кеңештин трибунасынан билдирип чыккан азамат! Ошондой эле биринчи болуп партия түзгөн жана анын төрагасы болуп демократияга кадам таштаган дагы ушул Өмүрбек Чиркешович.

Андан берки 2005,2010-жылдардагы эки жолку революциянын башында турган, Убактылуу өкмөт түзүп, өз элин эки жолку абдан оор жагдайдан алып чыккан адам. Акыркы бийлик алмашууда Кыргыз Республикасынын Башмыйзамын өзү баш болуп иштеп чыккан белгилүү кайраткер.

Чындыкты айта турган болсок, Алмазбек Атамбаев бийликте отурган алты жылда элде туруктуулук, тынчтык, өнүгүү, өркүндөө болду десе, ал ушул Өмүрбек Чиркешович баш болуп иштеп чыккан Башмыйзамдын жардамы менен ишке ашты! Кыргыз Республикасы Орто Азиядагы демократиянын мекени десек, ошол демократияны, парламентаризмди орноткондордун башында да Өмүрбек Текебаевдин аты турат.

Өмүрбек Текебаев баардык кыйынчылык убакта экс-президент Алмазбек Атамбаевге колуна кол болуп бирге жүргөн, анын Кыргыз Республикасынын төртүнчү президенти болушуна биринчи болуп салым кошкон, алтургай президент болом деп турганда өз ордун берген кең пейилдүү күрөшкер экенин да кыргыз журту айтып жүрөт. Дүйнөлүк тарыхта убакыт, заман жараткан тарыхый инсандардын бир өзгөчөлүгү – алардын өз элинен сырткары, тагдырлаш калктарга да ортодогу уул болуп кеткендегинде.

Махатма Ганди, Нельсон Мандела, Дэн Сяопин, Алпарслан Түркеш сыяктуу дүйнөгө атактуу инсандардын качандыр бир кезде тагдырлаштары тарабынан куугунтукка учурап, түрмө азабын бир кишидей тартканын, адилетүү бийлик орногон кезде акталып, бир тууган калкынын өсүп-өнүгүшүнө өчпөс үлүш кошконун өзүңүз жакшы билесиз.

Сиз менен жашы тең курдашыңыз Өмүрбек Чиркешович да бүгүнкү күндө ушул мен атаган тарыхый инсандардан кем калбаган даанышман. Ал ушул абалында эле, Кудай анын жүзүн ары кылсын, жер бетинен жок болуп кетсе дагы, эгемендүү кыргыз элинин тарыхында «мандатсыз президент» катары аты алтын тамгалар менен жазылып калат!

Отуз жылдай убакыт бою Кыргыз Республикасынын калыптанышына, анда КМШнын ичинен демократиянын орношуна теңдешсиз салым кошуп келген Өмүрбек Текебаев өздөрүңүзгө белгилүү себептен абакта отурат, бар жыйган мол тажрыйбасын өз улутунун өркүндөшүнө жумшай турган убакта катардан четтетилип жатышы – тек гана кыргыз калкын эмес, боордош, тилектеш мени да катуу чочуркатат жана өкүндүрөт.

Бир сөз менен айтканда, Алмазбек Шаршенович менен Өмүрбек Чиркешович эки жаш айырмачылыктагы замандаш жигиттер. Экөө тең кыргыздын мандайына Алла берген жылдыздуу азаматтар. Казак менен кыргызда «Өкпеге кiса да өлiмге кимайды» деген жалпы сөз бар. Колуна бийлик тийип, эки тизгин бир чылбыр кармаган кишиге «Бастан жакты айырма!» деген талапты боордош эки улут тең колдонсо керек. Бир улуттун аты менен атагы тең аталат, эки уулунун бирин мактап, экинчисин арстандай алсыратып камап коюу – сиздин ишиңиздеги принцип болбошу анык.

Абдан таланттуу адамдардын кээде «эркелиги» да болот. Тектүү улуттар элине эмгеги сиңген андай уулдарынын таза пейил, ак ниеттен катуурак айткан бир-эки айып кебин кек көрбөй, кечире билишет. Бүгүнкү күндө боштондуктан жаңы кутулуп, эми-эми бутуна туруп келе жаткан Орто Азиядагы биз сыяктуу түрк тектеш элдерге, сөз жок, Өмүрбек Текебаевдей мүнөздүү чыгаандар аябай керек жана алардын көп болгону жакшы.

Мен толук ишенем, Өмүрбек Чиркешович бийликти кумар тутпайт. Эгер сиз экинчи жарлыгыңызды Өмүрбек Текебаевдин маселесин кайра кароо тууралуу чыгарып, мыйзам талаптарын сактап отуруп, ал киши өзүнүн күнөөсүз экенин далилдеп, боштондукка чыгаарына, кызматына кайра кайтуусуна мүмкүнчүлүк берсеңиз, ал бүткүл өмүрүн, бар күчүн, билимин дагы да өз мамлекети үчүн аябай жумшайт, сизге адал көмөктөшөт! Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын коңшу элдер менен болгон карым-катнашы жана алыш-беришинин бир калыпка түшүшүнө да зор салым кыларына көзүм жетип турат.

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди жаңы кызматыңыз менен куттуктайм! Кыргыз элине амандык, тынчтык, өзүңүзгө мыкты ден соолук жана кызматыңызга мол ийгилик тилейм!

Боордош казак акыны Ауыт Мұқибек

27.11.2017, Астана

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: