Сапар Исаков 30-ноябрь – 1-декабрь күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарында өтчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 16-жыйынына катышат. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын ШКУ ӨБК кеңешинин жыйынына катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, жыйындар тар жана кеңейтилген курамда өтөт, анда ШКУга мүчө-мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУга мүчө-мамлекеттердин ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Программасын аткаруу боюнча Иш-чаралар планынын ишке ашырылышы, 2017-2021-жылдарга Уюм алкагында долбоордук ишти мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы, ШКУ алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыздоо механизмдери ж.б. маселелер талкууланмакчы.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлушу пландаштырылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ