Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Иса Өмүркулов тааныштырды.
Мыйзам долбоору аркылуу Коопсуздук кеңешинин курамына КР Президентинин Аппарат жетекчисин жана КР Башкы прокурорду киргизүү сунушталууда. “Президенттин Аппарат жетекчиси Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди аткарат, ал эми Башкы прокурор Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин туура аткарылып жаткандыгын көзөмөлгө алат. Андыктан аларды коопсуздук кеңешинин курамына киргизүү сунушталууда”,- дейт И.Өмүркулов.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Сурабалдиева Э.Ж., Джураев С.М., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Назаров А.К., Тулендыбаев П.Р., Байбакпаев Э.Ж., Асылбаева Г.К., Икрамов Т.И., Жутанов А.Т., Токторов А.С.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ