Кечээ, 12-мартта Бишкек шаарында түшкү саат 14:30 чамасында Жибек Жолу менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 5-6 жаштагы бала табылган. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда табылган бала жакшы сүйлөй албайт, ошондуктан ал ата-энесин жана кайсы жерде жашаарын айта алган эмес. Милиция кызматкерлери баланы тамактандырып андан кийин мэрияга караштуу балдардын адаптация борборуна жеткиришкен.
Азыркы учурда жоголгон баланын ата-энесин, жакындарын табуу аракеттери улантылып жатат.
Өзгөчө белгилери: азият түспөлдө, кара куртка, кара шапка, боз шым жана кара бут кийим кийип жүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ