Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек – Кара-Балта» поезди бир күнгө
убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы басма сөз кызматы билдирди.
“Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу 2019-жылдын 27-июнунда жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек – Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.
Ал эми 2019-жылдын 28-июнунан тартып, аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ