Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин баалап, “канааттандырарлык эмес” деп тапты. Баш прокурор Индира Жолдубаева өзү парламентке келген жок. Бирок аталган фракциялар Башкы көзөмөл органы коррупцияга каршы күрөштө, мыйзамдуулуктун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө жана адам укуктарын коргоодо одоно кемчиликтерге жол бергенин баса белгилешти. Айтор Жолдубаеванын кызматтан кетээри белгилүү болуп калды. Жогорку Кеңеш Жолдубаеванын отчётун канааттандырарлык эмес деп четке кагаары кеп болуп жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ