Ниязов аппарат башчылыктан иште десе болбой “таарынып” кеткенден кийин, куттуу орун өз ээсин таппай турат. Буга эки команданын ачык тиреши себеп болгону маалымат каражаттарында айтылып, кайсыл команда бул орунга кимди түртүп жатканы ачыкка чыкпай аткан. Атамбаев өз командасы менен “кой оозунан чөп албагандай” көрүнгөн Мухамметкалый Абулгазиевди Фариддин ордуна коюуга аракет кылып, басымды күчөтүп жатканы неге ачык айтылбайт? Абулгазиев аппарат башчысы болуп келсе, Жээнбековдун планын ишке ашырбай, толугу менен өзүн койдурган Атамбаевдин алдына барып, картаны толук ачып береби? Ушундан улам куттуу орун бош турганы чындык окшойт…
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ