Ооба, мамлекет башчыбыз өзгөрдү. Эми ошол башчынын айланасында да ар кандай өзгөрүүлөр болоору мыйзам ченемдүү эмеспи. Дегеним, ушул жуманын башында Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. Турдуназир мырза, Сооронбай Шарипович өкмөт башчы кезде дагы «кеңешин берип» жүргөн. Бирок, ошо «кеңеш» берип жүргөндө Тукебиз кандай «ачылыш» кылганын деле кулагыбыз чалбаптыр. Бир билгенибиз айыл-чарба министри боло коюп, келгенден кеткенче шашкан. Аталган тармакты алдыга сүйрөмөк тургай ал тармак менен таанышууга үлгүрбөй калган. Анан эле «кеңешчи», эми кайрадан «башчы» болуп чыга келди. Айтор, багы тоодой неме экен, майкөл-сүткөлдүн эле үстүндө келе жатат. Өз эле курсагы тойгондо топоюп жумушту таштап басып кетпей, элдин да кем-карчын кичине ойлонуп, эми түзүгүрөөк иштесе экен…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ