АКШнын мамлекеттик департаменти мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан алуу пландалып жатат деген маалыматтарды төгүндөдү.
Мекеменин маалымат кызматы, Тиллерсон менен президент Дональд Трамптын ортосунда пикир келишпестик болгонун, бирок ал саясий курска байланышуу экенин билдирди.
Буга чейин америкалык маалымат каражаттары Ак үй мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан кетирүү планын даярдап, анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпео даярдалып жатканын жазышкан.
Президент жана мамлекеттик катчы эл аралык маселелер боюнча карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасап келгени маалым. Тиллерсон ошондой эле демократтар жана айрым республикачылар тарабынан АКШ дипломатиясын алсыздатканы үчүн сынга кабылып келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ