Menu

Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Монголия Президенти белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө.

Халтмаагийн Баттулга жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

«Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө дагы жагымдуу таасирин тийгизет. Биринчи кезекте биз соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришибиз керек», – деп баса белгиледи Халтмаагийн Баттулга.

Монголия Президенти айыл чарба, ветеринария, маданий-гуманитардык байланыштарды бекмдөө, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, финансы жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: