Menu

Түркмөнстан: милдеттүү негизде кызмат өтөгөн жоокерлердин тамак-ашы начарлады

Бөлүшүү:

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын булактары кабарлашкандай, акыркы айларда Түркмөнстандын куралдуу күчтөрүндө милдеттүү түрдө кызмат өтөгөн жоокерлердин тамак-ашы начарлады.

Ата-энелердин айтымдарында, уулдары дайыма тойбой, үйдөн тамак же акча сурашат. Аскер бөлүктөрдүн короолорунда азык-түлүк дүкөндөрү ачылып, жоокерлер өз акчаларына тамактанышат. Ата-энелер аскер бөлүктөрүндө жоокерлерге негизинен арпа боткосу берилерин айтышууда. Айрым акчасы жок жоокерлердин чыгымдарын ата-энелери төлөп берип жаткандыктары кабарланууда.

Басылманын маалыматына караганда, өлкөнүн башка көптөгөн аскер бөлүктөрүндө дагы абал ушундай.

Октябрда көз карандысыз булактар түркмөн армиясындагы жоокерлердин тамактануусуна бөлүнгөн акча кыскартылганын кабарлашкан. Анда «Түркмөнстан хроникасы» Мары облусундагы аскер кызматкерлеринин тамак-ашы мурдагыдан кыйла начарлаганын жазган. Басылманын маалыматы боюнча, катардагы бир аскердин тамак-ашына айына 68 манат (мамлекеттик курс боюнча 20 доллар, көмүскө базар курсу боюнча 10 доллар) каражат бөлүнөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: