Кыргызстанда өндүрүш тармагы жакшы жолго түшө албай жатканы жашыруун эмес. Өзүбүздүн продукцияларыбызды кайра иштетүүчү заводдорубуз жок, даяр товарды чийки зат боюнча сатып жатабыз. Өлкө экономикасынын локомотиви өндүрүш тармагы болушу керек эле. Тилекке каршы, биз ал деңгээлге чыга албай жатабыз. Өндүрүштү жанданталы дегендер көп болгону менен иш жүзүнө ашыргандар саналуу гана болууда. Зайнабидин Ташиев менен Гүлзар Абдраимова көп жылдардан бери өндүрүш тармагына чоң салым кошуп келаткан жубайлар. Булар жаш балдардын “Тай-Тай” деген ат менен такма жалаягын өзүбүздөн чыгарууну колго алып, азыр дүйнөлүк бренд болобуз деген максатты алдыларына коюп жаткан кези.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ