Menu

Токаев Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды өлкөнүн ички иши деп эсептейт

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин камалышына байланыштуу болуп жаткан окуяларды “өлкөнүн ички иши” деп эсептейт.

Бул тууралуу Фейсбук аркылуу казак президентинин басма сөз катчысы Берик Курмангали билдирди. Ал тараткан билдирүүдө Токаевдин “Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканы жана абал мыйзам чегинде тезирээк калыбына келет деп үмүттөнөрү” айтылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы кечээ, 8-августта кечки саат төрттө уланган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

Жалпысынан кечээтен бери жабыркагандардын саны 98 адам болду, алардын бири, УКМКнын “Альфа” тобунун кызматкери Үсөнбек Ниязбеков оор жарааттан өзүнө келе албай каза тапты.

Учурда ооруканада жаткандардын саны 13 адам, алардын 9у Травматология жана ортопедия борборунда, экөө Чүй облустук ооруканасында, экөө Улуттук госпиталда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: