Menu

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “Мен КСДПнын жетекчилигине барбайм, саясый кеңештин да мүчөсү болгум келбейт”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, сиз КСДПнын кезектеги курултайы 3-апрелде өтөрүн жарыя кылар замат партиянын юристи «бул легитимсиз чечим, себеби, курултай чакырыш үчүн жыйынга төрага, же анын орун басары катышышы керек болчу» деп түшүндүрмө берди. Уставда чын эле ошондой талап барбы?

– Кантип легитимсиз болот? «Төраганын уруксаты менен болуш керек» деген уставда жок. Устав боюнча съезддердин аралыгында бүт маселени саясый кеңеш карайт. Партиянын төрагасынын кезексиз съезд чакырганга укугу бар. Ал эми саясый кеңеш кезексиз да, кезектеги да съездци чакырганга толук укуктуу. «Бирөөнөн сура, бирөөнүн макулдугу керек» деген бир жерде да жазылган эмес. Кечээги жыйынга саясый кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү келди. Фамилияларынын баары бар. Биз баардык маселелерди карап, 3-апрелге кезектеги съезд өткөрүүнү аныктадык. Эмне себептен? Азыр көрүп атасыздар, партиянын ичинде бөлүнүп-жарылуу болуп атат. Бул жашыра турган нерсе эмес. «Биз көрүнүктүү партия болгондон кийин ачык коомго, жалпы саясый партиялардын өнүгүшүнө дагы үлгү болушубуз керек» деген мааниде партияга тиешелүү баардык маселелерди, ичиндеги талаш-тартыш пикирлерди да тегиз карап атабыз. Биз квотаны аныктадык, ага ылайык баштапкы уюмдардын баары тең жыйындарды өткөрүп, делегаттарды шайлашы керек. Алар келгенден кийин сьездде бүт маселелер чечилет. Саясый кеңештин курамы өзгөрүп, партиянын жетекчиси, орун басарлары алмашышы мүмкүн. Анын баарын сьезд чечет.

– КСДП болсо «Өмүркулов өзү партиядан чыгарылган киши, ал курултай чакырганга эч кандай укугу жок» деген мааниде билдирүү таратты. Буга эмне дейсиз?

– Биз аны жокко чыгардык. Себеби, мени партиянын катарынан чыгарып жатканда кворум болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин эч кандай далил берилген жок. Эртең менен туруп алып эле жакпаган кишисин чыгара бергендей ал менчик партия эмес да.

– «Өмүркулов КСДПны бөлүп-жарууга аракет кылып жатат» деген пикирге кошулбайт турбайсызбы анда?

– Менин андай оюм жок. Мен жетекчиликке барбайм. Саясый Кеңештин мүчөсү да болгум келбейт. Съездде баары чечилиши шарт. Биз жең ичинен эчтеке чечкен жокпуз. Ачык-айкын сунуштап атабыз. Анын баары ЖМКларга, коомчулукка белгилүү болууда. Эгер жашыруун бирдекелер, же бөлөк ойлор болсо, анын баары еөрүнүп турат да, туурабы?

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: