Кечээ, 1-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында 150 орунду заманбап жаңы мечит ишке берилди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чарага бийлик өкүлдөрү, облус казысы, дин кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар менен ар тараптан келген коноктор катышты. Мечиттин ачылыш аземинде облус казысы Муса ажы Жолдошов сөз сүйлөп, өз сөзүндө мечит ынтымакты, биримдикти бекемдөөчү жай экендигин баса белгилеп, мечиттин кооздугу ибаадат кылуучу адамдар менен экендигин айтып, жергиликтүү тургундарды мечитти жандандырууга чакырды.
Ал эми мечиттин ачылуу аземине келген бийлик өкүлдөрү жана коноктор жакшы тилектерин айтышып, белектерин беришти.
Аталган мечит жергиликтүү жеке ишкер Бөрүбаев Абдували Алыкуловичтин жана элдин колдоосу менен курулуп 3,5 млн сом сарпталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ