Menu

Жамбылдын оозу жабылды

Бөлүшүү:

Интернетти жакшы чукуган, саясатчыларды куйкум сөздөрү менен нукуган куудул Жамбыл Камчиев жыл сайын орозо маалында эки-үч ырчы менен бирге жарамазан айтып эл кыдырып, бал арыдай акчанын гүлүн сыдырып жүргөн эле.

Быйыл болсо, жарамазандан анчейин деле жолу болбоптур деп уктук. Мисалы, бир үйдүн короосуна барып ырдашса, жалаң кичинекей балдар угарман болуп, кайра-кайра суранып ырдата беришет экен. Акчага карк болот окшойбуз деп ойлогон артисттер ырдай беришет, ырдай беришет, ичтеринен кудуңдап жыргай беришет. Ал  эми тыйын бере турган чоңдору ошол учурда үйдө жок экен. Артисттерди ырдатып ырахат алышкан балдар анык шок экен. Бир оокумда Жакем: “Эмне бересиңер?” десе, балдардын бири шылдыңдап күлүп эки эсе, тим эле күйгүзүп жанды, жерден көрсөтүптүр наристе таштаган заңды. Ошондон кийин сүткө оозу күйгөн Жамбыл бейтааныш  короого келгенде дароо эле жарамазанды баштабай туруп, шашпа-ай көңүл буруп, тыйын бергенге жараган бирөө-жарымы бар-жогуна кызыкчу болуптур. Кыскасы, быйыл жакшы тыйын таппай, чөнтөгү аябай ооруптур.

Орозбек Бөрүгулов

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: