Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда дайынсыз жоголгон 1,5 жаштагы баланын денеси даараткананын чуңкурунан табылды. Бишкек ШИИБ-дин билдирүүсү боюнча, баланын жоголгону тууралуу Ленин РИИБ-ге 12-сентябрда маалымдалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, түшкө жакын бала үйдүн короосунда ойноп жүргөндө апасы үй иштери менен алектенип жаткан. Бир аз убакыттан кийин баласын таппай калган эне алгач кошуналарынан сураштырып чыгып, андан кийин гана милицияга телефон аркылуу кабарлаган.
Милиция кызматкерлери баланы издөө иштерин жүргүзүп, алгач ошол аймактагы адамдарды суракка алуу менен жакын аймакты тинтип чыгышкан. Бирок издөө иштери натыйжа берген эмес. Кечинде саат 19:30 чамасында гана даараткананын чуңкурун кайталап текшерип, баланын жансыз денесин таап чыгышкан. Бөбөктөрдү бөөдө кырсыктан сактасын. Ата-энелер тараптан да балдарга сактык керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ