Бүгүнкү күндө ооруканага жаткырылгандардын саны 300дөн ашат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Төлө Исаков 18-марттагы брифинге билдирди.
Ал ооруканадагы адамдар Сузак районундагы коронавируска чалдыккан адамдар менен тыгыз байланышта болгонун белгиледи.
“А калгандары, мен ишенимдүү айта алам, 75% үй карантинине алынган. Калган 35% табабыз. Көпчүлүгү бир орунда отурушпайт, келгенден бери тууган-уруктарына барып, катташып жүрүшөт. Жакынкы убактарда аларды табып, медициналык көзмөлгө алабыз ” – деп кошумчалады Төлө Исаков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ