Кечээ, 2-декабрда Таллин шаарында аяктаган эл аралык кинофестивалда кыргыз кинорежиссеру Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” көркөм фильми эң башкы байгени – Гран-Прини жана 10.000 евро акчалай сыйлыкты утуп алды. Бул тууралу Орусиялык РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.
Дүйнөлүк кинобилермандар Дэнниса Дэвидсона (Улуу Британия), Зейнеп Атакан (Түркия), Грационо Диана (Италия), Иво Фельта (Эстония), Зыгмунта Краузе (Польша), Наоко Огигами (Япония) и Лайлы Пакалнини (Латвия) составында болгон кинофестивалдын жюриси Гран-Прини “Түнкү кырсык” фильмине ыйгарды.
Фильм жалгыз бой карыя менен анын сезимдерин ойготкон кыз тууралу болот. Башкы ролдордо Акылбек Абдыкалыков жана Дина Джейкоб ойношот.
https://www.youtube.com/watch?v=mPWvsbHWaMo
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ