Menu

Рекс Тиллерсондун Европага дипломатиялык сапары башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн Рекс Тиллерсондун Европага дипломатиялык сапары башталды. АКШ Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө америкалык дипломатия башчысы НАТОнун, ЕБдин, ЕККУнун жыйындарына катышып, 5-декабрда Брюсселде Бельгиянын, 7-декабрда Венада Австрия өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мамлекеттик департамент Рекс Тиллерсондун Венада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен, Брюсселде ЕБдин сырткы саясат кызматынын башчысы Федерика Могерини менен дагы жолугушарын ырастады. 8-декабрда мамлекеттик катчы Сирия, Иран, Ливан, Ливия жана Түндүк Корея маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Парижге барат.

Маалыматтарга караганда, Рекс Тиллерсондун бул сапары АКШ менен Европанын «Орусия коркунучуна» каршы биримдигин бекемдөөгө арналган.

Ал 28-ноябрда Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө Орусия тараптан активдүү коркунуч болуп жатканына басым жасап, АКШ европалык союздаштарына колдоо көрсөтөрүн убадалаган.

Ишембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Рекс Тиллерсондун отставкасы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Мурдараак New York Times гезити президенттик администрациядагы өз булагына шилтеме кылып, жакынкы күндөрү Рекс Тиллерсондун ордуна Борбордук чалгындоо кызматынын директору Майк Помпеонун келерин жазган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: