Биринчи май райондук соту жатак абагында жазасын өтөп жаткан Нурлан Мотуевди күчөтүлгөн режимдеги камакка алуу өкүмүн чыгарды. “Терроризмди жайылтууга” айыпталып жети жылга эркинен ажыратылган Нурлан Мотуев, буга чейин жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөп жаткан. Бирок ал чечимди сот шарттуу деп берген болчу. Башкача айтканда, ал жаза тартибин бузса толук камалмак. Мотуев абактын ички тартиптерин сактабаганы үчүн ЖАМК сотко берген, күчөтүлгөн тартипте абакка камоону өтүнүп. Биринчи май райондук соту кайра чечим чыгарып, Мотуевди жабык жайга камакка алды. Ал эми бир жылга камерада олтурат.
Нурлан Мотуев буга чейин №32 жатак абактын карамагында жазасын өтөп жаткан болсо, эми №27 түзөтүү колониясына которулду. Эске сала кетсек, быйыл августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага “терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо” жана “улут диний жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 13-майда кармаган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ