Бишкекте эки жашар баласын тепкен Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматындагы жумушунан бошотулат. Маалыматка ылайык, Адиев Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Мамкаттоонун жетекчиси Дастан Догоев интернетте тасма тарап, милиция кылмыш ишин козгогон соң, кызматкерге катуу чара көрүүнү, керек болсо токтоосуз түрдө иштен бошотуу тапшырмасын берген. Мекеме Бариер Адиев “моралдык себептерден” улам Мамкаттоодо иштей албай турганын кошумчалады.
Социалдык тармактарда 2-декабрда жыгылып, жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болгон эле. Бул тасма кызуу талкуу жаратып, аталган адамды жоопко тартуу талабы айтылган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Учурда тепки жеген наристе медициналык кароодон өтүп жатканы кабарланды. Кармалган жарандын мас же соосу, баласын эмне үчүн тепкени азырынча белгисиз.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ