Menu

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иерусалим боюнча чукул жыйын өткөрөт

Бөлүшүү:

БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышы боюнча чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Рейтер кабарлоодо.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттерешке мындай өтүнүч менен Кеңешке мүчө он беш өлкөнүн ичинен сегизи – Франция, Боливия, Египет, Италия, Сенегал, Швеция, Улуу Британия жана Уругвай кайрылды. Жыйын жума күнү болору күтүлүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп 6-декабрда “Иерусалимди Израилдин борбору катары таанууга мезгил жетти” деп билдирген. Ал Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялаган.

Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Дональд Трамптын чечимин кескин сынга алышты. Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку төрагасы Федерика Могерини палестиндер менен израилдиктердин ортосундагы келечектеги тынчтык келишимге доо кетирчү кадамдардан оолак болууга үндөдү. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Иерусалимдин макамы израиль-палестин сүйлөшүүлөрүнөн кийин аныкталышы керек деген пикирде.

Иерусалим боюнча бир тараптуу чарага Улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш да каршы чыкты.

Палестиндер Иерусалимди алардын болчоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израил болсо Чыгыш Иерусалимди аннексиялап, мусулмандар, христиандар, жөөттөрдүн да ыйык жайлары бар шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган. Бирок анын бул кадамын эл аралык коомчулук тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тель-Авивде жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: