Menu

Балбак Түлөбаев,«Аю» компаниясынын вице-президенти: “Шаршенбек Абдыкеримов мамлекеттин казынасына 6 миллиард салык төлөдү”

Бөлүшүү:

– Балбак мырза, айтылуу олигарх Шаршенбек (Шаки) Абдыкеримов учурда кайда? Эмне иштер менен алагды болуп жатат? Анын депутаттыкка келээр кезеги да жакындап калгандыгы айтылууда. Дегеле учурдагы абалын айтып берсеңиз?

-Биринчиден, Шаршенбек Абдыкеримов олигарх эмес. Ал өз байлыгын маңдай тери менен таап келген адам. Байлыгын мамлекеттик кызматта отуруп чогулткан эмес. Ал бизнесмен же кыргызчасы колунда бар бай адам. Олигарх деген сөздүн мааниси башкача. Ал Улуттук олимпиадалык комитетти жетектейт. Көбүнчө ошонун иши менен алагды болуп жүрөт. Анан сөзсүз «Аю» холдингдин иштери менен да иштеп жатат. Депутаттык орду менен менин тиешем жок, канчанчы орунда, качан келет, билбейм. Абалыбыз Кудайга шүгүр, эл катары. Бириккен Араб өлкөлөрү менен Катар өлкөсүнө «Артезиан» суусун сатуу боюнча келишимге кол койдук. Россия, Кытай, Казахстан, Европа өлкөлөрү жана Азербайжан менен долбоорлорубуз, ага удаа «Старт ап» бизнестерибиз бар. Ошолордун үстүндө өнүктүрүүнүн жолунда иштеп атат.

– Бүгүнкү күндө Шаршенбек Абдыкеримовдун жетегиндеги бизнес мамлекетке жылына канча салык төгүп жатасыздар?

– Акыркы он жылда мамлекеттин казынасына 6 миллиард сом салык төлөдүк. Шаршенбек Абдыкеримов соңку эки жылда спортко эле 1 миллион доллар салды. Кыскасы, аракетибиз көп, биз эл үчүн аракетибизди уланта беребиз.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: