Menu

Дастанбек Жумабеков: “Кыргызстандын калкы үчүн телерадионун таасири өтө күчтүү”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 8-декабрь – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул туурасында ЖК басма сөз ызматы билдирет.

Төмөндө куттуктоо текстин келтиребиз:

Урматтуу телерадио кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Технологиялык жаңылануулар маалында маалымат алмашуунун тездик менен өнүгүп жатышы мамлекет ичиндеги баардык өзгөрүүлөргө таасир берет. Айрыкча жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүдө өзгөчө ролду ойноо менен бирге көпүрөлүк милдетти аткарат.

Ааламдашуу доорунда интернеттин камтыган аймагы жогорулаганы менен телерадионун күчү мурдагыдай болгону талашсыз. Өзгөчө, парламенттик-демократиялык багытты тандап алган Кыргызстандын калкы үчүн телерадионун таасири өтө күчтүү.

Ошондон улам жалпыга маалымдоо каражаттарынын көч башы саналган телерадио кызматкерлеринин алдына калкка ыкчам, так жана калыс маалымат жеткирүү боюнча жооптуу милдеттер, заманбап талаптар коюлууда. Биз, парламент өкүлдөрү, сиздердин мезгил менен тең кадам таштоо аракетиңиздерди ар дайым колдойбуз жана мындан ары дагы кубаттоого даярбыз.

Ардактуу телерадио тармагынын ардагерлери жана учурдагы кызматкерлери!

Мындан ары да мамлекеттик бийлик бутактарынын, анын ичинде кыргыз парламентинин ишин ырааттуу жана объективдүү чагылдыруу аркылуу алардын иши тууралуу ыкчам маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирип, эл менен бийликтин байланышын чыңдап, данакерлик милдетиӊиздерди татыктуу улантасыздар деген ишеничтемин.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктап, телерадио тармагында талыкпай эмгектене берүүңүздөргө тилектешмин! Ишиӊиздерге ийгилик жана чыгармачылык эргүү каалайм!

Урматтоо менен,

 

Дастанбек Жумабеков,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: