Menu

Тажикстандын футболчулары Кыргызстанга келишти

Бөлүшүү:

Тажикстандын футболчулары Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Кыргызстандын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Тажикстандын футболчулары кечээ, 17-ноябрда келишкен. Бүгүн, 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары басма сөз жыйын өткөрөт. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин менен Тажикстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу Усмон Тошев алдыда боло турган оюн, ага даярдык тууралуу айтып беришет.

Эске сала кетсек, эртең, 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет. Таймаш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Аталган стадиондо (14-ноябрда) Кыргызстан менен Жапониянын футболчулары ойноп, жыйынтыгында, Жапония 2:0 эсебинде Кыргызстанды утуп алган.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтөт. 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка жана 2023-жылдагы Азия кубогуна футбол боюнча кандай даярдык жүрүп жатканы тууралуу 6-ноябрда Өкмөттө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова  атайын жыйын өткөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: