Menu

Кыргыз саясатчылары Саакашвилидей кыйын эмеспи?

Бөлүшүү:

Грузиянын президенти болуп, реформа жасап, реформатор аталган Михаил Саакашвили кыйын экен эй. Өз өлкөсүнөн куулуп, Украинадан жарандыкты алгандан кийин бөтөн элде ызы-чуу кылып жүрөт. Украинанын президенти Петр Порошенкого импичмент жарыялаш керек деп миңдеген хохолдорду көчөгө баштап чыгып, президенттин айласын кетирип жатат. Полиция Саакашвилини кармап кетерде, өзүнө бөтөн экенине карабай, хохолдор аны полициянын машинасынан жулуп чыгып, камаганга мүмкүндүк бербеди. Кыйынбыз деген кыйкырган биз кыргыздар өз элине жан дили менен күйгөн саясатчы азаматтарыбызды түрмөгө олтургузуп коюп, унчукпай жүрөбүз. Өмүрбек Текебаев камалганда өзүнүн кичи мекени Акманда 200дөй адам араң көчүгүн көтөрбөдүбү. Садыр Жапаровду кармап кеткенде УКМКнын алдында 50 милиция таяк менен эле кыйынбыз, бошотуп алабыз дегендерди 5 мүнөттө чилдей кууп таратып жиберди го.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: