Menu

ТүркПАнын VII пленардык жыйынында Ала-Арча декларациясы кабыл алынды

Бөлүшүү:

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык отурумунун жыйынтыгы менен Ала-Арча декларациясы кабыл алынды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов ТүркПАнын демократиялуу чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берген, парламенттик кызматташтыкты бекемдей турган жана баардык тармактар боюнча алакаларга жагымдуу шарттарды түзө турган уникалдуу аянтча экендигин баса белгиледи. “Биздин өлкөлөрдүн башкы жетишкендиктеринин бири – санарип технологияларды колдонуусу. Биз баардык мыйзам базаларын санарипке өткөрүү боюнча иш жүргүзүп жатабыз жана бир тууган элдер менен тажырыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз”,- дейт ал.

Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева ТүркПА отурумун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын айтты. “Бүгүнкү талкууланып жаткан санариптик технологияларды колдонуу жөнүндөгү тема баардык өлкөлөр үчүн актуалдуу. Казакстан бул тармакта чоң тажырыйбага ээ жана ал тажырыйбалары менен бөлүшүүгө даяр”,- дейт Гүлмира Исимбаева.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман ТүркПАнын кийинки отурумунда Өзбекстан менен Түркмөнстан бул уюмдун толук укуктуу мүчөсү болоруна үмүт артаарын белгиледи. “Биз ТүркПАнын мүчөлөрү катары жалпы маселелерди чечүүгө жана уюмубуздун потенциалын көтөрүүгө жигердүү катышуубуз зарыл”,- дейт ал.

Отурумдун жүрүшүндө Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиянын, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын, Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жана Айлана-чөйрө, жаратылышы ресурстары боюнча комиссиянын баяндамалары угулду. Анда климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепеттери менен себептери, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аны менен күрөшүү жаатында кызматташуу, энергиянын альтенативдүү булактарын өнүктүрүү, кибер кылмыштуулукка каршы туруу жана укуктук системаны өркүндөтүү жаатында талкуу жүрдү.

Отурумдун жыйынтыгында жыйын катышуучулары журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

ТүркПАнын VII пленардык отурумунун катышуучулары Уюмдун VIII пленардык жыйынын 2018-жылдын ноябрь айында Түркияда өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: