Menu

Дайыр Кенекеев: «Коррупция менен күрөшүү дагы деле Өкмөттүн стратегиялык маселелеринин бири болуп калууда»

Бөлүшүү:

«Коррупцияга каршы күрөшүү дагы деле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык маселелеринин бири болуп калууда», – деп бүгүн, 9-декабрда, Кыргызской Республики вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев «2011-2017-жж. Кыргыз Республикасындагы коррупцияны алдын алуу: Жетишкендиктер жана перспективалар» жөнүндө конференцияда билдирди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр 6 жыл аралыгында өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана алардын кесепеттери менен күрөшү иш-чаралары барган сайын эффективдүү ишке ашып жатат деп белгилеп кетти.

«Коррупция менен күрөшүү дээрлик  бардык багыттар боюнча жүрүүдө, Кыргызстандын саясий, экономикалык жана социалдык жашоо сфераларында. Кабыл алынган чаралар өлкөдөгү коррупциянын жайылуу темпин кыскартууга жардам берди. Ошондой эле көпчүлүк мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелчиликтер азайган жана коррупциялык механизмдер демонтаждалган», – деп белгиледи Дайыр Кенекеев.

Ал ошондой эле акыркы жылдарда мамлекеттик саясатынын негизги приоритети болуп калган коррупция менен системдүү күрөш барган сайын күчөтүлө берет деп белгиледи.

«Мамлекеттик орган жетекчилери өздөрү жетектеген министрлик жана ведомстволордо, аны алдын алуу боюнча жарандык коом өкүлдөрү жана активисттер менен туруктуу негизде таасирдүү механизмдерди иштеп чыгып жана жакшыртып туруусу зарыл», – деди Дайыр Кенекеев.

Вице-премьер-министр коррупция менен күрөшүү Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасында өзүнүн жүзүн тапты деп кошумчалады.

«Атап айтканда, «Таза Коом» улуттук долбоордун ишке ашышы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана аткаминерлер менен  керектөөчүнүн түз контакты жокко чыгарылат, ал эми бүтүндөй мамлекеттик механизмдин иштөө негизин автоматизация жана ведомство аралык электрондук документ жүгүртүүсү түзүп калат», – деди Дайыр Кенекеев.

Ал ошондой эле, Өкмөт жарандардын укуктук аң сезиминин өзгөртүүгө багытталган ири масштабдагы маалымат жана агартуучу ишти жүргүзүү жолу менен коррупциялык көрүнүштөргө терсаяктык сезимдерин калыптандырат деп белгилеп кетти.

««Таза Коом» улуттук программаны илгерлетүү  жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги этаптарынын бири  «Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү» эл аралык демилгенин алкагында «Ачык маалыматтар» саясатынын иштеп чыккандагы», – деп белгиледи Дайыр Кенекеев.

Вице-премьер-министр Коопсуздук Кеңеш катчылыгы жана Башкы прокуратура менен бирдикте туруктуу негизде мамлекеттик органдардагы системдүү коррупцияны демантаждоо пландарын ишке ашырууда бирдиктүү мониториг  жүрүп жатканын белгиледи.

«Өткөрүлгөн верификация жана башка текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Өкмөттүн жыйынына чыгарылып, анын натыйжасында бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери коррупцияга каршы тийиштүү иш-чараларды жүргүзбөгөндүгү үчүн дисциплинардуу жоопкерчиликке тартылат», – деди Дайыр Кенекеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: