Menu

АКШнын чечими Иерусалимде башаламандыктарды жаратты

Бөлүшүү:

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бир катар шаарларда АКШ президентинин Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимине каршы чыккан палестиналык демонстранттар менен полиция кагылышты. Палестиндер тартип коргоочуларга таш ыргытып, полиция жаш агызчу газ, желим окторду колдонгонун Рейтер агенттиги кабарлады.

Акция учурунда 30дан көп киши жараат алды.

“Хамас” радикалдуу уюмунун лидери палестиналыктарды массалык көтөрүлүшкө, мусулмандарды 8-декабарда демонстрацияларды өткөрүүгө чакырды.

Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимин катуу сындап, бул кадам Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды оорлоштурду жана эл аралык коомчулуктун бөлүнүшүнө алып келди деп билдирди.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия жана Түркия президенттери бул маселени талкуулашарын 7-декабрда айтты.

Буга чейин АКШнын Германия, Британия, Сауд Арабиядан баштап Евробиримдикке чейинки өнөктөштөрү бул кадамды айыптап, эми региондогу тынчтык процесси кыйындайт деп билдиришкен. 6-декабрдагы жарыяны Израил гана “адилет жана тайманбас” деп кубаттады.

Президент Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялады.

АКШ президенти анын чечими Израил менен Палестинанын “бекем тынчтык келишимин тездетүү боюнча” Вашингтондун милдеттенмесинен качуу эмес экенин, эки тарапка тең алгылыктуу тынчтык келишимине жетүү үчүн колдон келишинче аракет кыларын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: