Эртең, 12-декабрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековго өлкөдөгү абал боюнча орчундуу талаптарды коюп кайрылган жарандык жыйын өтөт. Бул тууралу бизге жарандык активист Самат Алиев билдирди.
“Достук” мейманканасында белгиленип жаткан жарандык жыйын президент Сооронбай Жээнбековдон:
– Саясатчыларды, коомдук ишмерлерди жана журналистерди куугунтуктоону токтотууну;
– Кен байлыктарды талап-тоноону токтотууну;
– Чек ара көйгөйлөрүн чечүүнү;
– Коррупцияга каршы күрөштү баштоону жана башка талаптарды коёт.
Уюштуруучулар жакынкы убакта “Улуттук улуу жыйын” өткөрүү убактысын да белгилешип, уюштуруу комитетин түзүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ