Menu

Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата маданий иш чара өтөт

Бөлүшүү:

12-декабрда саат 11:00дө КР УИАда боло турган кыргыз элинин сыймыктуу уулу, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө, ошондой эле Кыргызстанда расмий түрдө бекитилген адабият күнүнө арналып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган маданий иш-чара өтөт.

Жыйынга окумуштуулар, илимий кызматкерлер, изденүүчүлөр катышат.

Иш-чаранын алкагында Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарынын жана жазуучунун китептеринин көргөзмөсү уюштурулат.   Катышуучулардын өз макала, баяндамаларында Чыӊгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук, асылдандыруучулук касиетке эгедер көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереӊдетип изилдөө көп катмарлуу жана көп багыттуу иш экендиги белгиленет.

Иш-чаранын катышуучулары Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү үчүн Ата-Бейит мемориалдык комплексине, ошондой эле жазуучунун үй-музейине барышат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: