Аскар Акаев менен Германиядагы кыргыздардын жолугушуусунда төмөндөгү Элчиликтин кызматкерлери ошол жердеги жумуртка ыргыткан адамдарды башкарып жүрүптүр. Элчинин маданият жана саясат боюнча кеңешчиси ТУРСУМБАЕВА АЙНУРА РЫСПАЕВНА өзү дагы ошол жерде “убийцы” деп кыйкырып жүрөт.
Позор Атамбаев!
Акаевдин убагында Президент аппаратында чоң кызматтарда жүрүп, кийин КР Кытай Эл Республикасындагы Элчиси болуп иштеп, ТИМдин министр орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн ЭРЛАН АБДЫЛДАЕВге позор!
Эгер Акаев “убийца” болсо анда силер дагы ошондойсуңар! Акаевдин убагында Президент аппаратында референт, кийин КРнын чет жактардагы дипмиссиясындагы ар кандай жооптуу кызматтарда иштеген учурдагы КР Германиядагы Элчиси ОТОРБАЕВ ЭРИНЕС МОТОЙОВИЧ Сизде таптакыр эле бет калбаптыр! Буларда абийир деген жашабайт экен. Бир кезде өздөрү жалпаңдап кызмат кылып жүргөн жетекчисине басып келип учурашып чайга чакыргандын ордуна кайра жумуртка ыргыттырып, провокация уюштуруп жатышат. Эртең Атамбаевден оомат тайса так ушул экөө жан талашып биринчи сатып кетишет.
Министр Абдылдаев менен Элчи Оторбаев кызматтан кетсин!
Урматтуу Сооронбай Шарипович, мындай арам ойлуу кызматкерлер сиздерге абийир алып келбейт! Ошондуктан тез арада жоготуп, жоопко тартып койсоңуз өзүңүзгө жакшы болот…
Адилет Айтикеев, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ