Мурдагы жылдары Курманбек Бакиев деген неме “Алмазбек Атамбаевди жумушка алганыма аябай өкүнөм” деп маек берди эле. Артынан абакта жаткан Өмүрбек Текебаев дагы “2010-жылы Отунбаева коалициялык көпчүлүктү курайсың деп берген мандаттан баш тартканыма өкүнөм. Ошондо баш тартпасам, Атамбаев премьер-министр, кийин президент болмок эмес” – деп арман кылыптыр. Эми Текебаев менен Бакиев канчалык өкүнүп, бармагын канча кырча тиштесе дагы Алмазбек Атамбаев тарыхта татыктуу ордун табат. Анткени ал жасап кеткен иштер мамлекеттүүлүгүбүздү түз жолго салды. Бакиев, Текебаев жана алардын колдоочулары канчалык каралабасын, Алмазбек Атамбаевдин атын анчейин булгай алышпайт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ