Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов дээрлик бардык вице-мэрлерди кызматтан алды. Социалдык маселелер боюнча вице-мэрликке Асел Куламбаеванын ордуна Татьяна Кузнецова дайындалды. Ал буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болчу. Транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп. Октябрь районунун акими болун төмөндөдү. Ситниковдун ордуна мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Алымкулов келди. Шаар куруу архитектура маселелери боюнча вице-мэрликке Уланбек Азыгалиев отурду. Ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Бир гана вице-мэр Рыспек Сарпашев ордунда калды. Мындай кадрдык өзгөрүүлөр КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен мэрдин тирешүүсүнөн улам чыкканы айтылууда. Өмүркулов Суракматовду өзү алып келди эле. Бирөөгө ор казган көрүнүш эми өз башына түшүп турган чагы…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ