Керчь шаарындагы политехникалык колледжде болгон жардыруудан жана ок атуудан жабыркагандар Москва, Крым жана Краснодар крайындагы он ооруканада дарыланып жатышканын “РИА Новости” агенттиги билдирди.
Жалпысынан 33 киши ооруканага жаткырылган. Анын ичинде 5 киши өтө оор абалда болсо, 12 кишинин абалы өтө оор жана 26 киши өзүн орто сезип жатат. Жабыркагандар менен психологдор дагы иштөөдө.
Шаршемби күнү төртүнчү курстун студенти политехникалык колледжде ок чыгарып, бомба жардырган. Акыркы маалыматтар боюнча анын кесепетинен 21 киши каза болгон. Алардын 16сы студент, бешөө окуу жайдын кызматкерлери. 50дөн ашык киши түрдүү жаракат алган. Аталган факты боюнча алгач “теракт” деп кылмыш иши козголгон, бирок кийин ал “адам өлтүрүү” беренеси менен алмаштырылган. Ал эми ок чыгарган студент колледждин китепканасында өзүн өлтүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ